Баткендин Көк-Таш айылындагы окуядан жабыркаган 4 аскер кызматкерин облустук ооруканага Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустук координатору алып келе жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
"Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки "Тез жардам" унаасы менен жаракат алган төрт аскер Баткен облустук бириккен ооруканасына келип түштү. Жарааттын түрү сыныктар.
Жабырлануучулардын ден соолугу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет", - деп жазылат билдирүүдө.