Саат 22:18де тажик тараптын демилгеси менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн Чек ара кызматы маалымдайт.
Сүйлөшүү дагы деле ок атууну токтотуу тууралуу болгон.
"Шаршеев тажик тарап ок атууну токтотпой жаткандыгын жана чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келип жаткандыгын билдирди. Саат 23:00гө карата тажик аскер кызматкерлери кыргыз аскер кызматкерлеринин жайгашкан жерин көздөй маал-маалы менен ок атып жатышат. Ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде дагы деле ок атышуу уланып жатат. Тажик аскер кызматкерлери Көчө-Бою жерлигиндеги ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери жайгашкан жакты көздөй миномёт менен атып, Кыргыз жаранынын үйү өрттөнүп кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.