Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуу боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев жана укук коргоо жана күч структуралырынын жетекчилери менен биргеликте Тажикстандын Согдий облусунун губернатору Раджаббай Ахмадзода, алар чек ара жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар төмөнкүдөй келишимдерге жетишти:
- ок атууну толугу менен токтотуу;
- эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;
- Баткен-Исфана жолун ачуу;
- чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын-алып чектеш аймактарда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.
"Эки өлкөнүн делегациялары чыр-чатак орун алган Төрт-Көчө жерине барышты. Баткен-Исфана унаа жолунда эч кандай тоскоолдуксуз каттамдар жүргүзүлүүдө", - дешти мамлекеттик чек ара кызматынан.
Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.
28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.
Ок атышуунун кесепетинен 7 Кыргыз жараны жабыркады.