Чек арадагы атышуу. Баткендин Төрт-Көчө аймагындагы учурдагы абал (видео)

Бүгүн, 28-январда Кыргыз-Тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында учурда абал стабилдүү. Аталган аймакта жол ачык, унаалар кадимки режимде өтүп жатат. Кыргыз-Тажик милиция кызматкерлери биргеликте иш алып барууда.

Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.

28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.

Ок атышуунун кесепетинен 7 Кыргыз жараны жабыркады.

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.

Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында учурдагы абал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан