Оштогу мушташта каза болгон УКМКнын 24 жаштагы кызматкеринин иши боюнча соттолуучуларга өкүм чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын июнь айында полицияга ооруканадан жигиттин сөөгү такси менен алынып келингени тууралуу билдирүү түшкөн. Анда УКМК маркум Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын башкармалыгынын кызматкери экенин билдирген. Жогорудагы кылмышка шектүү катары Э.Ы., А.Э., Г.Э. аттуу жарандар кармалган.
Ош шаардык соту 18-январда Э.Ы. аттуу шектүүнү күнөөлүү деп таап, тогуз жылга эркинен ажыраткан, бирок төрт жыл бою пробациялык көзөмөлдү колдонуп, аны эркинен ажыратуу жазасынан бошоткон. Дагы эки айыпталуучу А.Э жана Г.Э, алдын ала сүйлөшүп алып, адамдар тобу тарабынан бейбаштык кылган деп айыпталган. Сот алардын аракетинен кылмыштын курамын тапкан жок.