Чек арадагы окуяга байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетектөөсү менен штабдык отурум болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиевдин жетектөөсүндөгү жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев министрликтин тиешелүү башкармалыктарына тапшырмаларды берди.
Маалым болгондой, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.