Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан улам Баткендеги кооптуу аймактардан 11 миң 52 адам эвакуацияланды. Алардын 1 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынан болжол менен 6000ге жакын тургун Рават айылына эвакуацияланды.
"Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылынан, Интернационал айылынан 1000дей жаран Кайрагач айылына көчүрүлдү. Ошондой эле Сада аймагынын, Ак-Арык айылынын жана Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана жана Сүлүктүгө эвакуацияланды.
Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды", - дешет маалымат кызматынан.
Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал
туруктуу. Ок атышуунун кесепетинен
11 кыргыз аскери жаракат алды.
Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.