Кечээ, 27-январда Кыргыз-Тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында ок атышуу башталып, жергиликтүү калк коопсуз жайга эвакуацияланган. Социалдык тармакта жан дүйнөсүн коркунуч каптап, жуурканга жашынган балдардын сүрөтү тарады.
Интернет колдонуучулары:
"Жылтыраган көзүңдөн садага болоюн. Тунук, күнөөсүз балалык. Сенин тынч уйкуңду бузган, курсак тойгузуп эртең ойнойм деген оюнчугуңдан алыстаткан тажикке Кудайым жазасын берсин!"
"Башка ишти коюп, чек ара маселесин чечкиле, бийлик! Баатыр Баткен эли, сабырдуулардын сабырдуусу. Рахмат, баатыр калкым!"
"Биз, чек арадагылар, аябай кыйналдык. Өткөн апрель айындагы ок атышуудан кийин байпактарыбызды эми чечип уктап баштадык эле. Эми кайра стресс, балдар болсо коркуп калган. Кыштын күнү балдар менен карыяларды сүйрөп алып, казанда бышкан тамагыбыз, дасторконубуз жайылган бойдон калды".
Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.
28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.
Ок атышуунун кесепетинен 11 Кыргыз жараны жабыркады.
Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу. Төрт-Көчө аймагында учурда абал стабилдүү. Аталган аймакта жол ачык, унаалар кадимки режимде өтүп жатат.
Баткендин Сармаркандек айылдык аймагынын Миң-Өрүк айылынын тургуну Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган чырда үйлөрүн кантип таштап кеткени тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.