Баткенде үзгүлтүккө учураган электр энергиясы калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Баткен облустук милициясы коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөдө.
"Кечээги окуядан улам Баткен районунун Көк-Терек, Көк-Таш участкаларында электр энергиялары үзгүлтүккө учураган. Азыркы күндө эки тараптын тең адистери ошол жерлерде электр энергияларын оңдоп, түзөө иштерин жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери эки өлкөнүн адистеринин коопсуздугун камсыздап, жеринде иш алып барышууда", - дешет маалымсат кызматынан.
Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу. Ок атышуунун кесепетинен 11 кыргыз аскери жаракат алды.
Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.