"Садыр Жапаров көзөмөлүнө алды". Үч жашар кызы менен иштеген таксист коркутуулар боюнча милицияга арыз жазды

Үч жаштагы кызын калтырганга эч ким жок болгондуктан жанына кошо алып жүрүп такси айдап иштеген Нурилло Мухаммеджанов ага болгон коркутуулар боюнча милицияга арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мухаммеджанов өзү билдирди.

“Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз жазып келдим. Коргойбуз дегендер чыкты, укук коргоо органдарынан байланышты. Садыр Жапаровдон адамдар келип, ал киши жеке көзөмөлүнө алганын айтышты”, - деди Мухаммеджанов.

Буга чейин Нурилло Мухаммеджанов ага белгисиз адамдар байланышып, ал кайсы бир атка минерге жолтоо болгонун айтып, өлтүрүп кетебиз деп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2022-01-28 12:40:45
Баткенди дагы тыгыз көзөмөлдөн чыгарбай туруңуз.
+6
Asmat84
2022-01-28 13:05:05
Ай ушу киши олумуш болуп алып ар нерсени суйлой берет. Буларга ишенбегиле котур ташы койнунда булардын
+1
Jibani
2022-01-28 15:09:26
Asmat84,Таш боор Адам экенсин
0
suban78
2022-01-28 13:22:18
Оййооуу, бул адамдын омуруно коркунуч келип жатат тууган. Кайсы улут болсо да биздин жаран. Андан дагы бул тируу адам, инсан. Коркуп жатпайбы. Коркуткан чон соройду таап камаш керек. Эртен сенин да башына мындай кун тушпойт деп ким кепил боло алат. Кайдыгер болбош керек.
+2
Belek1710
2022-01-28 14:17:12
Ички иштер министирлиги эле көзөмөлгө алып койсо болмок, бул кишиге окшогон бандиттен жашынып жүргөндөр канчасы болду экен, бандит сөрөйлөрдөн Кудай сактасын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан