Социалдык тармактарда кыргыз спортчусунун Пекинде өтө турган кышкы Олим оюндарына кийип бара турган формасы сынга алынды. Анда спортчунун узун, өңү күрөң болгон күрмөнү кийип турганын көрүүгө болот. Ал арада аталган олимп оюндарына коңшу Казакстандын спортчулары кандай форма кийип барарына баам салып көрдүк.
Коңшу өлкөнүн спортчулары кийип турган форманы казакстандык жана орусиялык бренддердин негиздөөчүлөрү тигишкен.
Буга чейин да кыргыз спортчуларынын 2021-жылы Токио Олимпиадасына кийип барган формалары талкуу жараткан.