Саат 13:00гө карата Баткен облусунун аймагында коомдук кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Облус боюнча кооптуу аймактагы жарандар убактылуу жайларга жана туугандарыныкына жайгаштырылууда.
Облус боюнча жалпы 24 237 жаран эвакуацияланган. Убактылуу жайларга көчүрүлгөн жарандар тамак-аш азыктары, зарыл каражаттар менен камсыз болууда.