Баткенде үзгүлтүккө учураган электр энергиясы калыбына келтирилди

Баткенде үзгүлтүккө учураган электр энергиясы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткенде жаңжал учурунда зыянга учураган бардык электр чубалгылар калыбына келтирилди жана айыл тургундардын үйлөрүнө электр энергиясы кошулду.

Оңдоо иштерин “Ошэлектро” ишканасынын кызматкерлери жүргүздү.

Эскерте кетсек, 27-январдагы чек арадагы жаңжалда Баткен районунун Көк-Терек, Көк-Таш участкаларында электр энергиялары үзгүлтүккө учураган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан