
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-январдан 30-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарына кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.