Улан Ниязбеков: "Унаа" мамлекеттик мекемеси пара алуу, коррупцияга аралашуу, айдоочулук күбөлүктү сатуу дегенден арылышы керек"

Бүгүн, 28-январда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жетекчилик курамы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ыкчам кеңешмеде “Унаа” мекемесинде мыйзам бузуучулуктар, пара алуу, коррупцияга аралашуу, ортого түшүп акча жасап, элдин тагдырын, ден соолугун, бүткүл жашоосун убактылуу акчага алмаштырууга багытталган бардык мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча иштер талкууланды.

"Азыркы учурда жол кырсыктарын алдын алып, коомго тийгизген ар түрдүү терс кесепеттерге бөгөт коюу учурдун талабы. Коомубуз жол кырсыктарынан зыянга учурап, канчалаган жаш балдардын жаны кыйылып, канчалаган жаштар өмүр бою ден соолугунан ажырап, үйүнө жетпей көз жумган карыларыбыздын канынан коркпостон айдоочулук күбөлүктөрдү сатып, акча алгандардын орду биздин катарыбызда эмес, алардын орду түрмөдө болушу керек", - деди Ниязбеков.


Кеңешменин жыйынтыгыда Улан Ниязбеков “Унаа” мекемесинин кызматынын алдына жети пункттан турган багыттамалык тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2022-01-28 18:11:31
Ушуну озунон баштаса болот эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан