Тажикстан менен болгон чыр-чатактан улам эвакуацияланган жарандар бүгүн, 28-январь күнү кечке чейин үйлөрүндө болуп калышы керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен өткөн жолугушуудан кийин билдирди.
"Чек арада кечээ чыккан чырдан кийин тажик тарап бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыктарын аткарат деген ойдобуз жана кечээги чырдан кийин булар сабак алып калышты го. Демек, булар аткарууга мажбур болушат деген ойдомун", - деди Ташиев.
Мындан тышкары, УКМКнын башчысы бүгүн, 28-январь күнү кечке чейин эвакуацияланган жарандар үйлөрүндө болуп калышы керектигин билдирди.
Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.
28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.
Ок атышуунун кесепетинен 7 Кыргыз жараны жабыркады.
Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.
Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.