Ош облусунун Чоң-Алай районуна электр жарыгы берилди. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 16:21де ишкананын жогорку чыңалуу кызматынын ыкчам бригадасы жеринен аба чубалгыларды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп бүтүштү.
"27-январь күнү саат 20:25те Чоң-Алай районунун электр энергиясы менен камсыз кылган 35кВ аба чубалгысы жерге тийип электр жарыгы өчүп калган. Себеби 35кВ Сары-Могол-Кашка-Суу аба чубалгысында изолятор сынып түшкөн. Мындан сырткары 35кВ Сары-Таш-Сары-Могол аба чубалгысында электр зымы үзүлгөн. Аба чубалгысынын жалпы узундугу 110 чакырымды түзөт.
Белгилей кетсек, 27-январь күнү саат 20:25те Чоң-Алай районунун электр энергиясы менен камсыз кылган 35кВ аба чубалгысы жерге тийип электр жарыгы өчүп калган. Анын кесепетинен Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Жекенди айыл өкмөттөрүндө жарык үзгүлтүккө учураган.