Кыргыз-Тажик чек арасындагы чатак: Акылбек Жапаров чукул кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кырдаал жана тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.

Анын айтымында, учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу. Тараптар окуянын себептерин иликтөө боюнча биргелешкен комиссия түзүүнү, чыр-чатактын чыгышы менен үйлөрүн таштап кеткен жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну, тиешелүү чек ара сызыгынан аскердик түзүмдөрдүн бардык бөлүктөрүн чыгарууну, бардык жолдордун ачылышын, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну макулдашты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат беришкен.

"Ыкчам кеңешменин жыйынтыгы боюнча, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тийиштүү коомдук коопсуздукту, эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келүүсүн, инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана облустун башка муктаждыктарына зарыл финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын аймагындагы бардык турак жайларды мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу боюнча тапшырмалар берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mubarak
2022-01-28 18:38:00
Мадумаровду торт кочого кочуруп алып барып койгула ошоо жерде жашап эмнеге кол койгонун сезииииип жашасын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан