Кыргызстанда 2013-жылы 9 ай ичинде социалдык төлөмдөргө 4,5 миллиард сом сарпталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каржылоо мамлекеттик жөлөк пул, ай сайын берилүүчү социалдык төлөмдөр, жеңилдиктердин ордуна акчалай жардамдар, өмүрүнүн аягына чейин берилүү жана кош бойлуулук учурундагы стипендияга багытталган. Мындан сырткары 9-Май - Жеңиш күнүнө карата социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө сарпталган.