Кыргыз-казак элинин тарыхы жайгашкан музейди Маданият министрлигинин балансына толук алуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары Чолпон-Ата шаарында уланып, Мухтар Ауэзов атындагы китепкана үй музейинде болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Анда музейдин азыркы абалы жана жалпы ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, музейди мындан ары сактоону, коргоону жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Учурда аталган музейди Маданият министрлигинин балансына толук алуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
Мухтар Ауэзов атындагы китепкана үй музейи өкмөттүн чечими менен 1957-жылы Мухтар Ауэзовго берилген. 1970-жылы китепкана үй музейи деп Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына берилген. 1990-жылы музей толук кандуу каралбай, кийин кароолчулук штаты ачылып, “Кыргызтелеком” тарабынан каржыланган. Бүгүнкү күндө имарат өзү жана айлана тегереги капиталдык ремонт иштерине муктаж.
Бүгүнкү күндө Мухтар Ауэзовдун үй музейи шаардын маданий борбору болуп саналат, анда казак жана кыргыз элинин тарыхы жана мурастары менен таанышууга болот. Мындан тышкары үй музейдин кичи китепканасы жана көргөзмө залы бар, анда жазуучунун жеке буюмдары сакталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан