Кимдер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтө албайт? Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.
Төмөнкү учурларда COVID-19га каршы эмдөөгө болбойт:
- COVID-19 вакцинасынын кандайдыр бир компонентине катуу аллергиялык реакциялары бар адамдар.
- Учурда COVID-19 менен ооруп жаткан же симптомдору бар адамдар. Аларды айыккандан кийин гана эмдөөгө болот.
Ал эми төмөнкү учурларда этият болуп, дарыгер менен кеңешүү зарыл:
1. өнөкөткө айланган боор жана бөйрөк оорулары;
2. эндокриндик оорулар: өтүшкөн калкан безинин дисфункциясы жана кант диабетинин декомпенсация стадиясы;
3. өтүшкөн кан оорулары;
4. эпилепсия жана башка борбордук нерв системасынын оорулары;
5. мээнин кан айлануу системасынын курч бузулушу (инсульт), курч коронардык синдром жана миокардит, эндокардит, перикардит.