
29-январь күнү Ош облусунда 2022-жылы аткарылуучу жумуштарды талкуулаган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, район жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты. Жыйында облус башчысы сөз сүйлөп, айыл өкмөт башчыларына бир катар тапшырмаларды берди.
- Март айына чейин арык жана каналдарды тазалоо;
- Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү;
- Тез арада айыл өкмөт мекемелерин санариптештирүү;
- Мал-жандыкты идентификациядан өткөрүү маселеси;
- Инвестиция тартуу жана Инвесторлорго шарт түзүү;
- Ишкерлерди колдоо жана ишкерлерге шарт түзүү;
- Айылдагы көйгөйлөрдү чечүү жана жарандар менен тыгыз иштешүү;
- Жумушка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу;
- Жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн ыкчам жана жеринде чечүү.
Ошондой эле Ош облусунун башчысы айыл өкмөт башчылары жана айыл өкмөттөгү кызматкерлер жарандар менен иш алып барууну, элдин көйгөйүн жеринде чечүү керектигин айтты.