Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун катышуусунда КМШга мүчө-мамлекеттеринин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 64-отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган комитеттин сайтына жарыяланды.
Отурумдун жүрүшүндө “КМШ статкомитетинин төрагасы жөнүндө” маселе каралды. Добуш берүүгө КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык комитети тарабынан Владимир Соколиндин жана Мамлекеттик статистикасынын федералдык кызматы тарабынан Константин Лайкамдын талапкерлиги көрсөтүлдү.
Көпчүлүк добуш берүүнүн жыйынтыгы менен КМШнын Мамлекеттер аралык статистика комитетинин төрагалыгына үч жылга Лайкам Константин Эмильевичтин талапкерлиги сунушталды.
Отурумдун материалдары КМШнын өкмөт башчылар кеңешине кароо үчүн КМШнын Аткаруучу комитетине жөнөтүлдү.