Ош облусунда дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча жыйын өттү

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ош облусундагы дыйкан фермерлерге жеңилдетилген насыя, лизинг берүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чара президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, район башчылары, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик банктардын Оштогу жетекчилери катышты.
Жыйында “Айыл Банк” өкүлү лизинг аркылуу айыл чарба техникасын берүү жолдору, “РСК” банк өкүлү арзандатылган насыя берүү шарттары, аны алуу жолдору тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле “Кепилдик Фонд” тарабынан кандай колдоолор көрсөтүлөрү айтылды.
Ош облусунун башчысы айыл өкмөт башчыларына кайрылып, мамлекеттик банктар аркылуу берилип жаткан 6% насыя дыйкан, фермерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.
“Президенттин тапшырмасы менен дыйкан фермерлерге шарт түзүү иштерин аймактарда жүргүзүп жатабыз. Мисалы, мурда насыя 10 пайызы берилип келсе, эми 6% бериле баштайт. Урматтуу айыл өкмөт башчылары, сиздер банк кызматкерлери менен биргеликте жер-жерлерде дыйкандар менен иш алып барып, насыя алуу жолдорун жана шарттары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүңүздөр” , - деди Зиядин Жамалдинов
Мындан сырткары, банк өкүлдөрүнө кайрылып, дыйкан фермерлерге сылык мамиле кылып, насыя шарттарын түшүндүрүп, кайрылгандардын маселелерин ыкчам чечип берүү керектигин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан