Министрлер кабинети: "Салык жана бажы кызматтары январь айынын планын ашыгы менен аткарышты"

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтары 2022-жылдын январь айы үчүн салыктарды, бажы жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча белгиленген планды ашыгы менен аткарышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-январга карата Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 8 миллиард 574 миллион сом салык жыйнаган. Белгиленген план 106,4 пайызга же 514,6 миллион сомго жогору аткарылган.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 3 миллиард 436,1 миллион сомго көп чогултулган (өсүү темпи 166,9 пайыз).

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан белгиленген пландын көлөмү 3 миллиард 359,8 миллион сом болсо, 2022-жылдын январь айында (бир күндү эсепке албаганда) 4 миллиард 368,3 миллион сом жыйналган.

Белгиленген план 130 пайызга же 1 миллиард 8,5 миллион сомго ашык аткарылды.

Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 2 миллиард 388,4 миллион сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tohamoha
2022-01-30 17:16:21
Ап
0
zam81
2022-01-30 18:21:15
Азырак жеп калыштыбы ошондо
+2
nukura_jigit
2022-01-30 19:55:01
zam81,жок мурда чиновниктер малые толобойт болчу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан