Учурда соттордун айлыгы Финансы министрлиги сайтына жарыялаган суммадан бир топ аз. Мындай маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарында судьялардын болжолдуу маянасы 160 миң сомду түзөт деген маалыматтын негизинде Жогорку Сот төмөндөгүлөрдү тактоо зарыл деп эсептейт: Соттордун айлыгы көтөрүлгөндөн кийин айлык маяна инстанцияларга жараша 40 миң сомдон 51 миң сомго чейин жетет. Ар кандай үстөк акылар эмгек акысына байланыштуу: иш стажы, квалификациялык класс, класстык чен жана башка.
Бүгүнкү күндө соттордун бир айлык эмгек акысы Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн суммадан бир топ эсе аз. Маалыматтарды ачык булактардан көрүүгө болот. Жогорку Сот быйыл Каржы министрлиги чоң ийгиликтерге жетишип, айлык акынын көтөрүлүшү сот системасынын бардык кызматкерлерине таасирин тийгизет деген ишенимде", - деп билдиришти Жогорку Соттон.
Буга чейин Финансы министрлиги 2021-жылы президент Садыр Жапаров чыгарган жарлыктын аткарылышын сайтына жайгаштырган. Анда өткөн жылы соттордун айлыгы 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин көтөрүлгөндүгү көрсөтүлгөн. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынууда.