Бүгүн, 31-январга карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 205 жарандан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Бишкек шаары - 123
Ош шаары - 2
Чүй облусу – 26
Ош облусу – 3
Талас облусу - 3
Нарын облусу - 2
Ысык-Көл облусу – 23
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу - 13.
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 198 миң 316га жетти.