Акыркы бир сутка ичинде 6 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каза болгон жарандардын бардыгы Бишкекте катталган. Алар эмдөөдөн өтүшкөн эмес.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 880 адам коронавирустан каза болду.