Жогорку Кеңеште бүгүн, 21-ноябрда спортчу Каныбек Осмоналиевге "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүү сунушталууда. Депутат Майрамкүл Тиленчиева спортчу, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдык мааракеси да жогорку деңгээлде өтпөй калганын айтты. “Спортчуга "Кыргыз Эл Баатыры" деген наамды берсек деген сунуш киргизем, буга эч ким деле каршы болбосо керек”,- деди депутат.
Бул сунушту колдогон депутаттар болду. Алар “Каныбек Осмоналиевдей спортчу кайра жаралабы-жокпу, белгисиз. Аны көзү барында сыйлап, жаш спортчуларга үлгү көрсөтөлү”,- дешти.