SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, аталган райондогу калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишине нааразычылыгын билдирген.
"Ноокат районундагы жөлөк пулга документ тапшыруучу жай. Эл ушунча көп. Жаш балдарды көтөрүп келебиз. Керектүү документтер болсо дагы албай, карапайым калкты чарчатышты. Тийиштүү органдардан текшерип, чара көрүүнү суранат элек. Ызы-чуу, ушунча эл турса да кабыл албай шайыбызды кетирди.
Документти тааныш-билиш кылып алышат.
Документти биринчи, экинчи күнү алышат", - деген окурман.
Бул боюнча Ноокат райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"2022-жылдын 17-январында “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн кайрылгандардын кезеги көбөйүп кеткендигинин себеби министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, пайдаланган электр энергия үчүн 700квтка чейин 50 тыйындан “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучуларга жеңилдик каралгандыгына байланыштуу 10-январдан баштап ар бир үй-бүлөнүн байланыш телефондору аркылуу байланышып, тактоо иштери жүргүзүлгөн жана такталбай калган жарандар чакыртылган.
Документ тапшыруу үчүн кайрылган жарандар кезеги менен кабыл алынып, иштөө графигинин негизинде иш жүргүзүлгөн.
Мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөө бөлүмүндө 8 адис иштеген, жарандарды кабыл алуу белгиленген тартипте жүргөн жана балалуу келиндер кезексиз кабыл алынган", - деп билдиришти мекемеден.