Бокс боюнча Азия чемпиондугу: Ошто күмүш медаль уткан Мирзахид Имамназаровду тосуп алышты (фото)

Ош шаарында бокс боюнча 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш байге уткан Мирзахид Имамназаровду тосуп алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

"30-январда Ош шаарындагы "Достук" өткөрмө бекетинде бокс боюнча 22 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн Азия чемпиондугунда 63,5 килограмм салмактагы күмүш медалдын ээси Мирзахид Имамназаров салтанаттуу тосуп алынды. Ага шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Б.Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана спортчунун жакындары катышты", - деп жазылат билдирүүдө.

Салтанаттын алкагында катышуучулар Мирзахид Имамназаровду күмүш медалы менен куттуктап, ага мындан ары дагы да ийгиликтерди каалашкан.

Белгилей кетсек, 20-30-январь күндөрү Ташкент шаарында 22 жашка чейинкилер арасында өткөн бокс боюнча Азия чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан 7 мушкер катышкан. Имамназаров чемпиондукта Япониянын, Ирактын спортчусун утуп, финалда Өзбекстандын спортчусуна утулуп калган. Жалпысынан Азия чемпиондугуна 20 өлкөдөн 200дөй мушкер катышып, 13 салмак категориясы боюнча таймашкан.

Азия чемпиондугунда күмүш байгени мындан тышкары Султан Асанкул уулу (67 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Рустам Ырысбек уулу (92 кг) алды.

Ал эми коло байгени Анвар Хожиев (48 кг), Өмүрбек Бегжигит уулу (80 кг), Бакыт Токтосун уулу (86 кг) жана Рыспек Бектенов (60 кг) алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан