Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Баткен жана Согди облустарынын милиция кызматкерлери Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылында, Сада, Кулуңду айылдарында биргелешкен кайгуулдарын улантышууда жана ички кайгуул Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка багыттарында улантылууда.
Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бир катар уюштуруу жана практикалык иш-чаралар кабыл алынып, чек арага жакын жайгашкан аймактарда мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылууда. Азыркы учурда Баткен облусунун Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу.
31-январга карата абал тынч, кырдаал туруктуу.