Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында жаракат алгандардын саны 13кө жетти. Алардын абалы кандай?

Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында жаракат алгандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын 12си Баткен облустук бириккен ооруканасында, бирөө Улуттук госпиталда дарыланууда.

"Акыркы маалыматтарга ылайык, чек арадагы ок атышууда жаракат алгандардын жалпы саны 13. Баары аскер кызматкерлери. Алардын ичинен 12си Баткен облустук бириккен ооруканасында, бирөө Улуттук госпиталда дарыланууда. Абалдары туруктуу", - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда 12 кыргыз аскери жабыркаганы айтылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан