SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылды.
"Соттордун айлыгы 160 миң сомго көбөйтүлдү, пенсионерлердин пенсиясын качан көбөйтөсүңөр? Дагы 300 сом кошуп коюп, пенсия көбөйдү деп кол куушуруп отура бересиңерби?
Кымбатчылык жанды кашайтты. Бааны "тизгиндеген" жан жок. Пенсионерлер нааразыбыз", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.