Стамбулда Түрк жараны ага турмушка чыкпай койгондугу үчүн кыргыз кыздын моюнун кескилеп салды (фото)

Түркиянын Стамбул шаарында Түрк жараны ага турмушка чыгуудан баш тарткан кыргыз кыздын моюнун жана жүзүн кескилеп салды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Стамбулдагы мейманканалардын биринде болгон. Полиция кызматкерлери мейманкананын бөлмөсүндө моюну жана бети кесилген 28 жаштагы Кыргыз жаранын табышкан. Анын жанындагы 40 жаштагы Кадир аттуу адам кыз өз жанын кыюуга аракет кылганын билдирген.

Бул маалыматты Кыргыз жараны четке кагып, Кадир аттуу жаран аны өлтүрүүгө аракет кылганын билдирген. Анын айтымында, ал шектүү жаран менен үч айдан ашык убакыттан бери тааныш болгон. Түрк жараны ага турмушка чыгууну сунуштаган, бирок кыз баш тарткан. Андан кийин шектүү анын паспортун тартып алган. Ошол күнү экөө кайрадан жаңжалдашып, шектүү аны өлтүрүүгө аракет кылган.

Бул факты боюнча "атайылап киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, кийинчерээк кыргыз кызынын жанына жолобоо тил каты менен бошотулган.

Бул боюнча элчилик расмий билдирүү тарата элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Egizderim-baktim
2022-01-31 12:18:10
Тообо кылдым, алыста иштеп журобуз ар бир адамдын кандай журушу озунон гана коз каранды,
+15
Mubarak
2022-01-31 15:39:09
Мейманканада эмне бар
+4
make2
2022-01-31 16:06:59
Mubarak,мейманканада кекс бар
-4
XATSAN125
2022-01-31 20:18:49
Олтуруп койбоптур биро толо
-3
rususu
2022-02-01 08:33:58
Балким мейманканада иштеп жургондур.Ден соолукта бол,карындашым.
-2
Sajakat14
2022-02-01 16:42:32
Ушунун эмнеси эркек? Эмнеси адам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан