Депутат Динара Ашимова былтыркы жылы ата-энелерден канча арыз түшкөнү боюнча суроо берди. Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйыны өтүүдө.
"Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдер тарабынан окуучуларга карата зомбулук фактысы боюнча билдирүүлөр түшкөн эмес. Мугалимдер ата-эне тарабынан сабалганы боюнча арыз түшкөн", - деди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.
Депутат "Жоопкерчиликтүү жооп берип жатасызбы?" деп сурады.
"Биздин министрликке арыздар түшкөн эмес. Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылышып, алар тарабынан такталат. Мугалим окуучуну сабаган деген маалымат түшкөн эмес", - дейт министрдин орун басары.
Депутат: "Сиздин жообуңуз мени канааттандырган жок. ИИМге түртүп коюп жатасыз", - деди ал.