Көк-Таштагы атышуу: Чек арага жакын айылдардагы мектептерде окуу улантыла баштады

27-январда Тажикстандын кол салуусунан улам Баткендеги чек арага жакын айылдардагы мектептерде окуу кайрадан улантыла баштады. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Бүгүн, 31-январь күнү Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык, Таш-Тумшук айылдарында жайгашкан билим берүү мекемелери, орто мектептер өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады.

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.

Мындан сырткары аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында ИИОнун кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирген.

28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болгон.

Ок атышуунун кесепетинен 14 Кыргыз жараны жабыркады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан