"300 миң сомдон баштап күрөөсүз насыя алса болот". Быйыл дыйкандарга эң төмөнкү пайыз менен насыя берилет

Өлкөдө быйыл дыйкандарга эң төмөнкү 6 пайыз менен насыя берилет. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү пайыздагы насыяларды берүү "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоорунун негизинде ишке ашып жатат. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 474 миллион сом бөлүндү.

"Азыркы учурда бир нече коммерциялык банк аркылуу 5 миллиард сомго чукул каражат фермерлерге насыя катары берилет. Жалпысынан алганда 5 жылга чейинки убакытка берилүүдө. Анын ичинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенгендерге 3 жылга чейин берилет.

Айыл чарба тармагында эмгектенген жана өндүрүштө иштеген жарандарга эң төмөнкү 6 пайыз менен насыя берүү каралды. Былтыр мал чарбачылыгы жана дыйканчылык кылгандарга 150 миң сомдон 1 миллион сомго чейин насыя күрөөсүз берилген болсо, быйыл 300 миң сомдон 3 миллион сомго чейин жогорулады", - деп билдирди Алишеров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан