Жогорку Кеңештин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Курманбек Дыйканбаев табият кырсыктарынан жабыркаган ысык-көлдүк тургундардан келген СМСти депутаттарга микрофондон окуп берди.
Депутат окуган СМСте “Кыш келди, күн суук. Өкмөттүн бизге берүүнү убадалаган акчасы келбейт окшойт. Элди жок дегенде түшүңөрдө көрүп койгула. Өкмөттөгүлөр, жакшы уктагыла, биздей сабырдуу, чыдамкай элди түшүңөрдө көрүп койгула”,- деп айтылат.
Айта кетсек, жер титирөөдөн жабыркаган Ысык-Көл облусунун тургундарына бөлүнчү акча берилбей жатканы буга чейин бир нече жолу айтылып келген.