Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Арпа-Сай айылынын тургуну SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды.
Жергиликтүү тургун жер семирткичтердин кымбат болуп жатканына нааразы болду.
"Биз дыйкандарбыз. Азыркы учурда жер семирткичтердин баасы өтө кымбат болуп жатат. Мисалы, Амафостун бир мүшөгү 3500 сомдон, мочевина селитрасы мүшөгү 2500 сомдон болууда. Биз тонналанган жер семирткич алышыбыз керек. Дыйкандарга жеңилдик кылып берсе деп үмүт кылабыз", - деди ал.
Ошондой эле тургун жер семирткичтерди Кадамжай шаарынан сатып аларын кошумчалап өттү.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.