Ош. Алай районунда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары чогулууда

Бүгүн, 21-ноябрда Алай районунун Гүлчө айылында Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтары чогулушту. Алар жол боюна боз үй тигип жатышат. Азырынча 10го жакын адам бар экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат катары айта кетсек, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кечээ, 20-ноябрда камакка алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан