Ноокен районунун Алма айылынын тургуну Алина Абдумомунова изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Алма айылынын тургуну, 1996-жылы туулган Абдумомунова Алина Эмилбековна 6-январь күнү саат 08:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
25 күндөн бери жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, ак жумал, кашы, көзү, чачы кара, оронуп алган болушу мүмкүн. Кийген кийимдери: Көк түстөгү баш кийим жана шарф, сары түстөгү күрмө, кара түстөгү шым.
Алина Абдумомунова тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап койсо болот:
Тел: 102,
(03734) 5 05 44,
0555 00 31 00,
0771 46 04 61.