Акылбек Жапаров: "Алдыда Бишкекти чоң олуттуу өзгөрүүлөр күтүп турат"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана ушул жылга коюлган пландары тууралуу маалымат берилди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган тема боюнча баяндама жасады.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы акыркы жылдары көп катачылыктарга жол берилгенин белгиледи.

"Жашыл аянттар талкаланды, ирригациялык тутумдар бузулду, иретсиз жана баш аламан курулуштардан улам шаардын көркү кетти. Бирок келечекте биздин борбордо олуттуу өзгөрүүлөр орун алат. Бишкек шаары өлкөнүн экономикасынын 70 пайызын камтыйт. Ал – маданияттын, илим жана билимдин борбору. Борбордо өлкөнүн бийлик органдары топтолуп, акыл калчап, келечекти аныктоочу чечимдер кабыл алынат. Жалпы катышуучуларды муну терең аңдап түшүнүүгө чакырам. Бардык алдынкы жана жаңычыл демилгелер дал ушул Бишкектен башат алышы шарт. Мезгил талабын сезип, адамзаттын алдынкы жетишкендиктеринен маалымдар болуп турушубуз керек. Мунун баары сиздердин ой-акылдан, багытыңыздардан, эркиңиздерден жана күч-аракетиңиздерден көз каранды болуп саналат. Борбордогу чиновниктер Бишкектин гана эмес, бүтүндөй республиканын аң сезимин реалдуу түрдө өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү жетет. Өзүңөрдүн үлгүлүү ишиңиздер, демилгеңиздер аркылуу өлкөнүн өнүп-өсүүгө багыт алуусуна салым кошо аласыздар", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал борбордун турмушуна жарандык коомдун активдүү катышуу маселесине токтолду.

"Борбор шаарыбыздын социалдык жоопкерчилиги жогору, активдүү тургундары тууралуу кошумчалай кетейин. Алардын шаарды өнүктүрүүдөгү ролу маанилүү деп эсептейм. Алгачкы ирет административдик ресурстун кийлигишүү жок, парасыз шайлоонун өтүшү көрсөткөндөй, шаардыктар жакынкы мезгилде депутаттыкка татыктуу эл өкүлдөрүн гана шайлай алат. Бишкектин эки районунда шайлоонун үзгүлтүккө учурашы сыяктуу мындай көрүнүш тарыхта болгон эмес. Мунун өзү адамдардын аң сезими жана жоопкерчилиги жогорулагандыгынан кабар берет. Биз бул окуяны күнүмдүк ишибизде эске алуубуз керек. Адамдар баарын көрүп-билип турат. Бардык деңгээлдеги чиновниктердин милдети шаардыктардын пикирин угуп, иликтеп, алар менен тыгыз иш алып баруу", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sanjura
2022-02-01 08:59:17
10-15 чиновниктер чогулуп алып эле өзүңөр жазган ырларыңарды бириң калып бириң мактап олтура бергиле.Силер үчүн Бишкектен башка жерде Кыргызстан жоктой,баарың тарп талаган кузгундай борборго эле байлыгыңды да,бизнесиңди да жайгаштырып алып өз очогуңарга күл тартып олтура бергиле.Өнүктүргүлөда башка аймактарды да,эл кыйналып кетти чет айыл,аймактардагы.4 сотых жерге жетпей канча үй-бүлөлөр жүрөт,а силер көпөстөр гектарлап жерлерди басып алып жатасыңар.Эхх жашоо!Кайдан билмек элеңер жер,эл кадырын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан