Жалал-Абаддагы эркек акушер-гинекологду "иштен кет" деген окуя: Иш өндүрүштөн кыскартылды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эмгектенген акушер-гинеколог айрым тургундар тарабынан эскертүү алган. Тагыраагы, эркектер топтолуп, жалпы дарыгерлик практика борборунун эркек акушер-гинекологуна жумуштан кетүү талабын коюшкан. Бул окуядан кийин милиция кызматкерлери териштирүү иштерин баштаган.

"Аталган окуя боюнча иш өндүрүштөн кыскартылды. Арыз ээси кайра тосмо арыз жазып, тараптар келишти. Дарыгер ишин улантууда", - дешти Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, 17-январда айрым эркектер топтолуп, адиске жумуштан кет деген талап коюшкан. Мындан улам 27 жаштагы адис арыз менен милицияга кайрылган. Бул факты боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облустагы координатору адис ишин улантып жатканын билдирген.

Кара-Көл шаардык ооруканасынын жетекчиси дарыгерге колдоо көрсөтөрүн, аны иштен кетирбей алып калуу аракетин көрүп жатышканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sajakat14
2022-01-31 21:11:40
Караңгы сакалчандар!
+4
Perfekt
2022-01-31 21:47:27
Эркек болсо не экен. Ушунчалык карангылык болобу.
+4
suban78
2022-01-31 22:29:58
Энендурайын кок мээлер. Кудай сактасын го, эртен аялынар ооруп калса молдонор дарылайбы далбаептор.
Ушул чала сабат молдо сымалдар тойгузду корунгон нерсеге тыюу сала беришип.
+5
suban78
2022-01-31 22:32:48
Аялдын ден соолугу керек го акыры, омурлук жолдошунар, силер ооруп калсанар ошол аялынар карайт силерди, башка эч ким карабайт. Бир тууганын деле коп болсо эки кун карайттыр, анан ал деле оз тирилиги менен кетет
+4
Munir81
2022-02-01 07:51:47
Неге молдого динге асыласынар кысыыып эле журсонор болбойбу.ошол адамдарга асылып суйло оозум бар деп эле дооруй бербей
+1
suban78
2022-02-02 03:23:18
Munir81, молдого эч ким асылган жок. Чала молдо дин бузарларга айтылган соз. Ошолор айтпаса союз убагында эч ким эч нерсе айтпаган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан