Корея Республикасынын президенти Садыр Жапаровду дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады

Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин өлкө башчы Садыр Жапаровду Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"1992-жылдын 31-январында эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери биз ар түрдүү тармактарда, анын ичинде саясат, экономика, маданият жана гуманитардык алмашуулардагы мамилелерибизди ырааттуу өнүктүрүп келе жатканыбызды зор кубаныч менен белгилегим келет.

Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө менен эки өлкө ортосундагы практикалык кызматташтык кеңейип, ар кандай салтанаттуу иш-чаралар аркылуу эки өлкөнүн элинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана достук чыңдалат деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо катында.

Мун Чжэ Ин Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан