Үйүндө баңгизат өстүргөн Бишкек шаарынын тургуну кармалды

Милициянын кайгуул кызматы баңги затты үйүндө өстүргөн деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-январда саат 18:30 чамасында 102 кызматына Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда Б.К. аттуу 57 жаштагы аял баласы ызы-чуу салганын жана ал үйдө баңгизат чөптөрүн өстүрүп жатканын билдирген. Текшерүү учурунда М.Р. аттуу адам беш чакада баңгизат сымал каражаттарды өстүрүп жаткандыгы аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2022-01-31 17:49:35
Дарга асыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан