Шаар тургундары катышты. Жалал-Абаддын мэри жылдык отчёт берди

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков мэрия тарабынан 2021-жылы аткарылган жумуштардын отчётун берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Жалал-Абад шаарында жергиликтүү жана республикалык бюджеттен аткарылган курулуштар, инвесторлор тарабынан жасалган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер видео отчёт түрүндө көрсөтүлдү. Андан соң 2022-жылы жергиликтүү бюджеттен аткарыла турган жумуштар боюнча маалымат берилип, жыйын суроо-жооп иретинде уланды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджети 2021-жылга 531 миллион 248 миң сом болгон болсо, аткарылганы 549 миллион 90 миң сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
basyz-kaman
2022-02-01 10:32:16
Жалал-Абад шаарынын мэри жакшы иштеп жатат. Ийгилик каалайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан