"Мен 1989-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук айылында төрөлгөм. Беш бир тууганмын. Бир агам, бир сиңдим жана эки иним бар. 9-классты аяктаарым менен мени жолдошум Ысык-Көлдүн Каракол шаарына ала качып кетти. Жолдошум мени Боролдой айылына туугандарыныкына келгенде көрүп калган экен. Апам менин тагдырым кандай болорун жакшы ойлонбой “барган жериңден кайра келбе” деп койду. Ошо бойдон отуруп калдым. Башында окутабыз дешкен, кийин убадаларын унутушту. Эки жыл жакшы эле жашадык. Кийин уруш-талаштар башталды.
Жолдошум менен Ысык-Көлдө, Кеминде чабан болуп иштедик. Ичип келип мага кол көтөрө баштады. Үйдө эмне бар, эмне жок, балдары эмне менен жан сактап жатат иши жок, тапкан акчасынын баарына ичип келет. Туугандарына айтсам “мындай эмес болчу, токтолот да” деп коюшту. Агалары токтот дешсе арданып, оңолуунун ордуна колуна аркан алып “муунуп өлөм” деп коркутуп да жүрдү. Мен оңолот го деп үмүт кылып чыдап жүрдүм. Бирок ал токтолгондун ордуна күчөдү. Ичип келип колумду аркан менен байлап, атка сүйрөтүп колумду сындырды. Бир ирет чайнек менен башыма чапты. Акыры 6 балам менен ажырашып кеттим.
Ажырашкандан кийин ата-энемдин үйүнө келдим. Бирок балдарым менен төркүнүмө бата албасымды айтпасам да белгилүү. Ата-энем улгайып калган. Үйдө келин жок. Боролдой айылындагы бош турган үйлөрдүн бирине көчүп келдим, үй эки бөлмөлүү. Балдарыма 4800 сом жөлөк пул алам. Баары кымбаттап кеткенине байланыштуу ал акча азык-түлүгүбүзгө да жетпейт. Бир кап унду 1700 сомго алсам, 6 бала менен 1 айга жетпейт. Балдарым ачка, ооруса дары жок. Көмүр ала албайм, көчөдөн отун чогултуп келип от жагам. Азыркы учурда биз жашап жаткан үйдүн кожоюну март айында курулуш баштай турганына байланыштуу үйдү бошот деди. Эми алты балам менен кайда барарымды билбейм. Ата-энем берген жер бар. Бирок 1991-жылдан бери салык төлөнбөй, айыл өкмөткө өтүп кетиптир", - деди ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Элкарт: 9417 0894 4085 6459
Телефон номери: 0707 52 34 78