Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Корея Республикасынын улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сок эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жөнөтүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Төрага Талант Мамытовдун телеграммасында Кыргыз мамлекети менен Корея Республикасынын ортосундагы алака достук жана терең ишенимге негизделген тынчтык жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү экени белгиленген. "Талыкпаган аракеттин аркасында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык мындан ары да өнүгө берерине ишенем", - деп айтылат телеграммада.
Ал эми Корея парламентинин төрагасы Пак Бён Сок өз телеграммасында Кыргыз мамлекети менен Кореянын ортосундагы мамилелер бардык багыттарда, анын ичинде саясат, экономика жана маданият тармактарында, ошондой эле адам ресурстарын алмашуу жаатында жана эл аралык кызматташууда жигердүү өнүгүп келе жатканын баса белгилеген. Муну менен катар "Эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана достук мындан ары да чыңдала берерине ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.