Бишкек шаарында 13 мектеп жана бир бала бакча салттуу режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, №7, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 38, 6 мектептер жана №135 (Октябрь району) бала бакча онлайн форматынан салттуу режимге өткөрүлдү.
Эске салсак, буга чейин 24 мектеп карантинге алынып, онлайн түрдө окутуу форматына өткөрүлгөн.
Шаардык мэрия жарандарды аралыкты жана санитардык нормаларды сактоого чакырат.